ДомойАналитикаДунган таануу жана синология борбору 90 жылдык мааракесин белгиледи

Дунган таануу жана синология борбору 90 жылдык мааракесин белгиледи

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрь күнү Дунган таануу жана синология борбору 90 жылдык мааракесин белгиледи. Тарых, археология жана этнология институтунун дунган таануу жана синология борборунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган “Кыргызстандагы дунган таануу: тарыхы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында болуп өттү. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Дунган таануу жана синология борборунун улук илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Исмаева-Имазова Рахима билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, бул иш-чара эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, бир нече мамлекеттин алдыңкы окумуштууларын бир арага чогултту. Борбордун бардык кызматкерлери бул мааракеге абдан узак убакыт жана кылдаттык менен даярданышкан. Атайын маалымат баракчалары даярдалып, ал жерде борбордун түзүлгөн тарыхы, анын өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар, азыркы мезгилде борбордо иштеп жаткандар жөнүндө жазылган. Ошону менен бирге ушул убакыт аралыгында жарыкка чыккан эмгектер дагы тизмеленген.

Иш-чара атайын Пленардык отурумдар жана секцияларда жасалган докладдар менен коштолуп, кеңири программада иштелип чыкты. Бул эл аралык илимий-практикалык конференция мыкты деңгээлде өткөрүлүп, бардык катышуучулардын жогорку баасына татыды.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |