ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 10 айда 9,6 млрд долларды түздү

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 10 айда 9,6 млрд долларды түздү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 9,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 41,2 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,1 пайызга азайган, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,7 эсеге өскөн.

Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 3,8 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 39,2 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,9 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 22,9 пайызга көбөйгөн.

2022-жылдын январь-октябрындагы республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (72,3 пайыз) жана Казакстанга (25,5 пайыз) туура келди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |